22-Забур
О, Кудайым, Асмандагы Жолбашчым,
Сени менен кемчиликте болбоймун,
Байыр алып көк шибердүү шалбааңдын
Төрүнөн, мен тынч сууларды бойлоймун.
О, Кудайым, Өз ысмың урматына
Адилеттик жолдоруна жолдойсуң,
Ар убакта кубат берип жаныма,
Падышалык асаң менен колдойсуң.
Сени ээрчисем, каргашалуу өлүмдүн
Коктусунан мен өтөмүн, коркпостон.
Бет алдында айыгышкан жоолордун
Сен мен үчүн жайып койдуң дасторкон.
Майлап зайтун майың менен башымды,
Чөйчөгүмдү берекеңе толтурдуң.
Сеникимин. Өмүр бою жашоомду
Жакшылыгың, ырайымың коштосун.
Багынамын, Жаратканым, Өзүңө.
Жетелегин, мен артыңдан барайын.
О, Кудайым, Сенин ыйык үйүңдө,
Өз колуңда түбөлүккө калайын.
которгон: Мухтар Давлетов
***
Эсенбек Чоткараев
Укчу, тууган...
Кудайдын каргышына калган күнөө,
Адамдарды кул кылдың го ушул күндө.
Оюна кишен салып адамдардын,
Сүйрөйсүң алоолонгон күкүрт көлгө.
Күнөөнүн кулу болуп ар бир адам,
Кылган иши, ичкен ашы – баары арам.
Жакшылык кылчу ниети ишке ашпай,
Жамандык жандап жүрөт байкап турсам.
Күнөө деген дарт менен ооруйт дүйнө,
Канча жандар кайтыш болду ушул күндө.
Ыйсаны кабыл албай жүрөгүнө,
Жүздөп, миңдеп жазаланат күкүрт көлдө.
Укчу, тууган, сен коркосуң үч нерседен,
Аларды сен билесиң, атап кетем:
Өлүм, зындан, үчүнчүсү – оорудан.
Бирок билгин, коркуу керек Кудайдан.
Баары даңктайт Теңирди
Ачекей өскөн ак кайың,
Теңирди даңктайт ал дайым.
Теңирдин берген батасы
Көркөмдүү кылат ан сайын.
Ак жибек көйнөк кийинип,
Теңирге назик ийилип,
Ак кайың турат көчөдө,
Кудайдын барын билдирип.
Чымчыктар консо бутакка,
Шаңкылдап түрлүү үн салат.
Кудайдын барын далилдеп,
Таңгалтып, таттуу үн салат.
***
Нуралы Ниязбаев
Тазаралы
Конок болуп келдик биз бул өмүргө,
Өстүрөлү сүйүү гүлүн көңүлгө.
Сактагын, ошол гүлүң соолубасын,
Жүрөгүң жакыныңдан оорубасын.
Жан дүйнөбүз тазарып,
Кудай Эге колдосун.
Жамандыкты алып салып,
Жакшы ишке бизди жолдосун.
Жактырып жамандык көнбөйлүчү,
Кас-душмандай ортобузду бөлбөйлүчү.
Арамданып калтырбайлы көңүлдү,
Урмат-сыйда узарталы өмүрдү.
Бөбөктөргө төрт саптар
Эрте туруп, жууна койгун, бөбөгүм,
Тургузуп кой, кечикпесин өнөгүң.
Осуятын сен Кудайдын сактасаң,
Ыйса Теңир дайым болот жөлөгүң.
Карабагын тартипсиз, тентек балага,
Бирге жүрсөң, кабыласың балаага.
Карагын сен жалгыз Теңир Ыйсага,
Акыл, насаат, чындык, сүйүү – Ыйсада.
Күн нуру, сени карап күлүп турат,
Кадам шилте, Ыйса сага колун сунат.
Корпогун, бул турмуштун ой-кырынан,
Кудай Эгең дайым сени колдоп турат.
Адамдарды барктайлы
Чочкого алтын сөйгө салсаң деле,
Алтынды чочко, чиркин, билмек беле?
Акылдуу адам эшектин кулагына,
Ардактап, күмүш сөйгө илмек беле?
Илгенде да, күмүш баркын эске алып,
Эшек, чиркин, кастарлап, билмек беле?
Ошондуктан окшобойлу айбандарга,
Сый-урмат көрсөтөлү адамдарга.
***
Азиз Медетов
Койдон улам
Талаада жүрөм кой жайып,
Кайдадыр көңүл умтулат.
Таба албай жашоо маңызын,
Көөдөндө жүрөк тумчугат.
Булар жообун билчүдөй,
Койлорду карайм оттогон.
Башты жарып ийчүдөй,
Ойлорду санайм онтогон.
Баш көтөрбөй оттогон,
Койлордон улам ойлоном.
Көр дүйнө жыйнап болбогон,
Адам – ач көз, тойбогон.
Кай бирде калсак кайгырып,
Каткырып кээде күлөбүз.
Өлчөлүү өмүр болсо да,
Өлбөстөй болуп жүрөбүз.
Ким бар дейсиң дүйнөгө
Түркүк болуп тура алган.
“Кайда чындык, маңыз?” – деп,
Түркүн суроо чубалган.
Жооп издөөдөн тажабайм,
Кыял чабыт жетпеген.
Ал анткени адамзат
Кой эмес го кепшеген.
Кайсы жолду тандайсың?
Алдыңда сенин – дарбаза.
Андан ары – эки жол.
Кайсынысын тандайсың?
Коркпогун, досум, чыйрак бол.
Тар дарбаза бер жагы,
Ичке, чыйыр бөлүнөт.
Күтөт сазы, токою,
Бороон-чапкын көрүнөт.
Чоң дарбаза жагында
Кенен жолу көрүнгөн.
Эсепсиз эл бул жолдо,
Майрам, шаңга бөлөнгөн.
Татаал жолдун аягы –
Гүлгө оронгон бейиш бак.
Капкара түн, кайгы-муң,
Тозок болот кенен жак.
Алдыңда сенин – дарбаза.
Андан ары – эки жол.
Кайсынысын тандайсың?
Коркпогун, досум, сейрек бол.
Кудай менен сүйлөшүү
Оо Жараткан, кудуреттүү Кудайым,
Сүйлөшөлү, акыл берчи, сурайын.
Адегенде миң мертебе жүгүнүп,
Алдыңызда таазим этип турайын.
Текке кетти канча жылдар,
Тагдырыма карап көрсөм абайлап.
Бук боломун, бушайманмын,
Бүл дүйнөдө ордум таппай, карайлап.
Аалам-жерде көрүнбөгөн Кудайым,
Тизе бүгүп, колум Сага сунайын.
Аз өмүрдө мен канчалык керекмин,
Айтыңызчы, ачык жообун угайын.
Турмуш жолу татаал экен,
Кечире көр, менден кеткен катаны.
Анан дагы тилейт элем
Балдарыма Сенден келчү батаны.
Багыт берип, үн чыгарып койбосоң,
Бул дүйнөдө маани, маңыз таппадым.
Калган өмүр кайкып учуп кеткенче,
Болсом экен колуңдагы аспабың.
***
Апизахан Койкайтиева
Курманжандай жан дүйнө кыйкырыгы
Тагдырым дуушар болуп сыноолорго,
Кош миздүү курч кылычтай жарк-журк эткен,
Кайрат-күч, ар-намысым кандай кайнап,
Элимди сактасам деп, жандан кечкем.
“Жандан кечкем” дегеним балам элем,
Жарк этип бир жаралган адам эле.
Экинчи тирилбесин билсем дагы,
Алтын башын курмандыкка чалган элем.
Жүрөгүмдү сууруп бердим элиме,
Кайгым батпай, толсо дагы дениме.
Зомбулуктун тосуп азап жолдорун,
Душман басып кирбесин деп жериме.
Оо балдарым, урпактарым, учугум,
Мен – намыстын бийик учкан кушумун.
Мендей сүйүп, эл-жериңди сактагын,
Жөн өткөрбөй өткөөл өмүр учурун.
Кудай дагы жөн жараткан эместир,
Чындык менен жуурулушкан (элестир).
Аруу тилек, үмүт менен жашасак,
Асмандагы Падышалык келеттир.
Сүйөбүзбү Курманжандай эл-жерди?
Мындай сүйүү оюбузга келгенби?
Жамгыр
Дыбырап жааса жамгыр,
Сергитет сезимимди.
Каалгып ак булуттар,
Жаркытат көңүлүмдү.
Кулаган тамчыларга,
Чөптөр да сүйүнүшөт.
Үлбүрөп назик гүлдөр,
Ийилип жүгүнүшөт.
Ыргактуу шыбырлары,
Ырымды коштоп кетти.
Жүрөктө бугуп жаткан,
Сырымды козгоп кетти.
Көчпөй тур булуттарым,
Жамгырың тазаласын.
Буулуккан көздүн жашы
Кошулуп ага алсын.
Асмандан жааган жамгыр
Арылтсын жерди кирген.
Аруулап жууп берчи
Өмүрдү, Өзүң билген.
Теңирим, тазалачы
Элиңди, Өзүң сүйгөн.
Жаштарга
Абайла, айланайын, бул жашоодо,
Айланып, бакыт кушу шаша берет.
Бапестеп, урмат кылып күтө албасаң,
Алыстап, кайберендей кача берет.
Ааламды Жаратканым багып келет,
Кут кирчү эшиктерди кагып келет.
Уктабай, эңсеп, суусап күткөндөргө
Ууздай бөксөрбөгөн бакыт берет.
Сергек бол, айкөл, таза, зирек болгун,
Ыймандуу, акылга бай жүрөк болгун.
Ыйлаган, мүңкүрөгөн жанды көрсөң,
Кайгысын алып айдап, тирек болгун.
Жашоодо жакшылыктар эчен болсун,
Жараткан Өзү дайым Көсөм болсун.
Алакан жайып, күндө бата берген
Ата-эне, эл-журтубуз эсен болсун.
Урпакты улантуучу уул-кыздын
Таманы тийген жерлер ыйык болсун.
Тазарып эл-журтумдун жан дүйнөсү,
Эгемдин калыстыгы бекем болсун.
***
Мухтар Давлетов
Бир Өзүңө ырларым
Кудай Сөзү жүрөгүмө
Арашандай куюлган,
Андан улам күндөн күнгө
Ушул ырлар жазылган.
Канча деген ой толгоолор
Ээлеп ички дүйнөмдү.
Бул ойлорду, жан ойготор,
Жазып жаткан өзүмбү?
Мен ишенем, бул мен эмес
Терген сезим кылдарын.
Кудай Руху, акыл жетпес,
Берди Өзүнүн ырларын.
Рух күүсүнө жетелип,
Жаным булак туюлуп,
Төгүлсө да, кетпей кемип,
Ырлар турду куюлуп.
Кээде мага дайра аккансып
Жүрөгүмөн сезилчү.
Жалган дүйнө калса, калсын.
Баары, Теңир, Сен үчүн!
Оо, Кудайым, жан медерим,
Жалгыз үмүт кыларым,
Түбөлүк өмүр берерим,
Бир Өзүңө ырларым,
Бир Өзүңө бардык демим,
Ички туйгу, сырларын!
Кыргыз тилим
Кыргыз тилим, энекемдин сүтүндөй,
Бала кезде мени оозантып, сүйлөткөн.
Жарык берген асмандагы күнүмдөй
Кудай Сөзүн мына эми үйрөткөн.
Кыргыз тилим, келечекке жан сүрөп,
Агып турган мөл булагы дилимдин.
Тоолорумдай, аскалары көк тиреп,
Кубаты бар менин кыргыз тилимдин.
Кыргыз тилим, колум жетип таалайга,
Териштирип каухардай сөздөрүң,
Жазып жатам ырларымды Кудайга
Өмүр берип, ачып берген көздөрүм.
Кыргыз тилим, Кудайымдан жаралган,
Пейли кенен, деми күчтүү элимдей.
Минтип эми Кудай Сөзү жазылган,
Кыргызымдын жүрөгүнө жеткендей.
Кыргыз тилим, Жараткандын Сөзүндө
Бир жаңыча ачылса экен байлыгың.
Илгери үмүт жашап жатат өзүмдө:
Жанат сенде Кудайымдын жарыгы!
Сурасаң, таң калып...
Сурасаң, таң калып бактылуу болгонума,
Душманымды сүйүп, жек көрүүдөн кетип,
Айтар элем, досум: Ырахмат Кудайыма,
Ал мени өзгөрттү, ак сүйүүсүн берип.
Кудай Өзү Сүйүү, жат эмес бирөөлөргө.
Билип алгын, досум, Ал сени да сүйөт.
Көрүп бул дүйнөнү, жык толгон күнөөлөргө,
Сыздаган жүрөгүн сунуп, сени күтөт.
Шашылгын, суранам, калбагын жазасына.
Аталык мээрими ачылып бергенде,
Өмүрүң өзгөрөт. Кел Анын жарыгына,
Ал сени куткарат, шектенбе, шектенбе.