Руханий мурас

Ушул чакан топтомдогу үч китеп - Ыйык Жазуунун бөлүктөрү. Алар – бүтүндөй адамзаттын көөнөрбөс казынасы.

Бул жыйнак Жунус пайгамбардын китебинен башталат. “Жунус” китебинде элдин күнөөсүнө эмес, пайгамбардын өзүнүн тил албастыгына басым жасалган. Ал эми “Эстер” китебинен андагы каармандардын жеке адамдык турмушун – алардын үмүт-тилегин, башына түшкөн коркунучун жана каалоо-ниетин көрөбүз. Бул топтомдун соңку китеби – Рут тууралуу окуя. “Рут” китебинде өз ара байланышы бар этикалык жана маданият аралык маселелер чагылдырылат. Ыйык Жазуунун бул бөлүктөрүн окуп жатып, Жараткан Эгенин Өзүнө ишеним арткандарды коргогонуна, болгондо да укмуштуудай коргогонуна күбө болобуз.

Downloads

Your encouragement is valuable to us

Your stories help make websites like this possible.