Кыргызча Библия

Ыйык Китеп (Библия) – 1500 жыл аралыгында 40ка жакын адам тарабынан Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган китеп. Китептин аты грек тилиндеги “библиос” деген сөздөн алынган, китептер дегенди билдирет. Ал Байыркы Келишим жана Жаңы Келишим деген эки бөлүктөн турат. Байыркы Келишимде Кудайдын бүткүл адамзатка Куткаруучуну жибере тургандыгы, ал эми Жаңы Келишимде Куткаруучуну жибергендиги айтылат. Байыркы Келишим 39 китептен турат, алардын көпчүлүгү байыркы эврей тилинде, бир нечеси арамей тилинде жазылган. Бул жыйнакта тарых, мыйзамдар, проза, поэзия жана акыл-насааттар камтылган. Жаңы Келишим 27 китептен турат, бардыгы грек тилинде жазылган. Бул жыйнакта Куткаруучу Ыйса Машайактын төрөлүүсү, жер үстүнө келген максаты, окутуусу, иштери, өлүмү, тирилүүсү жана асманга көтөрүлүп кетүүсү баяндалат. Ошондой эле Ыйса Машайактын шакирттеринин иштери, алгачкы Жыйындын түзүлүшү, ишенгендерге жазылган каттар жана акыркы күн жөнүндөгү пайгамбарчылык жазылган.

Your encouragement is valuable to us

Your stories help make websites like this possible.