Тозоктогу кырк сегиз саат
1-бөлүм
Иоанн Рейнольдс
Мен билгенден, өлүп кайра тирилген адамдар айтып берген окуялардын эң кызыктуусу аймактагы жылкы ууру Жефферсон Георгий Леннокстун жашоосунда болгон. Ал экинчи жолу түрмөдө отурган. Седгвик аймагынын соту биринчи жолу аны жылкы уурдаганы үчүн камакка алган эле.
Ал 1887-1888-жылдары көмүр шахтада иштеген. Ал иштеген жер ага коркунучтуу сезилип, нөөмөтчү офицерге кайрылат. Офицер ал жерди текшерип көрүп, коркунучтуу эч нерсе жоктугун айтып, кайра жумушка жиберет. Леннокс ага баш ийип, жумушка киришет, бирок бир саатка жетпей, шахтанын үстү түшүп, аны көөмп калат. Ал эки саат бою урандынын астында калат. Кечки тамак учурунда анын жок экени билинип, башчылар аны издеп, акыры шахтадан табышат. Аны алып чыгышып, дарыгерлер аны текшерип көрүп, өлгөнүн билдиришет. Сөөктү алып чыгышып, жууп, кийинтип, көмүүгө даярдашат. Табыт даярдалып, госпиталга алып келишет. Сөөк узатуу расмисине даярдык башталат. Камактагы эки кишиге тактайдын үстүндө жаткан өлүктү бөлмөнүн аркы четинде турган табытка салууга буйрук берилет. Алардын бири аны башынан, бири бутунан кармап көтөрүп бара жатышканда, баш жагындагысы мүдүрүлүп кетет да, тең салмактуулугун жоготуп, сөөктү кулатып жиберет. Өлүктүн башы жерге катуу тийгенде, онтоп ийген үндү угуп, ал жерде тургандардын баарыэлейе түшүшөт. Чын эле, өлгөн киши көзүн ачып, тирүү экени даана билинет. Дароо дарыгер чакырышат. Жарым сааттай убакыттан кийин ал өзүнө келип, суу сурап, дарыгер келгенде, суу ичип жаткан болот.
Табытты сыртка алып чыгарып,анын көмүүгө даярдап кийгизген кийимин түрмөчүнүн кийимине алмаштырышат. Дарыгер аны текшерип, бир буту эки жерден сынып кеткенин жана денесинде көгөргөн жерлер бар экенин айтат. Ал госпиталда алты ай жатып, анан кайра жумушка чыгат.
2-бөлүм
Ушул таң калыштуу окуя тууралуу бир шахтер досумдан угуп калып, мен абдан кызыгып, анын өз оозунан угуш үчүн, Леннокс менен таанышмакчы болдум. Мындай мүмкүнчүлүктү мен бир нече ай күттүм. Акыры ал күн да келди!Леннокс отуздар чамасындагы жигит экен. Билимдүү, тубаса акылы тунук, жөндөмдүү, ошол эле учурда кылмышка белчесинен батканадам экен. Анын өмүрүндө ошол убактылуу өлгөн кези эле жакшы убак болгондой...
Стенографияны билген кабарчы катары ал айтып берген окуяны өз оозунан жазып алдым.
3-бөлүм.
Ал мындай деди: “Ошол таңда жаман бир нерсе болчудай жүрөгүм дүпөйүл болуп турду. Тынчым кетип, Грасон мырзага барып, бул тууралуу айтып, иштеп жаткан жеримди келип текшерип берүүсүн өтүндүм. Ал келип, баарын текшергендей болду да, мени кызыктай адам деп ойлогондой, эч кандай коркунуч жоктугун айтып, жумушумду улантуумду буйруду. Мен барып, көмүр казуумду уланттым. Бир сааттай убакыт өткөндөн кийин, көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап, чоң, темир эшик ачылгандай болду да, мен босогону аттадым. Мен өлүп, тиги дүйнөгө келдим деген ой келди. Эч нерсе көргөн да, уккан да жокмун. Эшиктен алыстап, бир нече аралыкты басып өткөндөй болуп, жайылып аккан дарыянын жээгине келип калдым. Караңгы же жарык болду деп айта албайм. Айлуу түндөгүдөй жарык десем туура болчудай. Дарыянын жээгинде бир аз туруп, калактын дабышын кулагым чалып калды. Дарыядан мени көздөй сүзүп келе жаткан кайыкты көрдүм. Мен унчукпай турдум. Ал бир көз ирмемдей мени карап туруп, мага келгенин айтып, кайыкка отуруумду буйруп, аркы жээкти көздөй калагын шилтеди. Мен анын айтканындай кылдым. Үн деген жокмун. Мен анын ким экенин, өзүм каерде экенимди сурагым келди, бирок тилим таңдайыма жабышып калгансып, сүйлөй албай койдум. Кайыктан түшкөндө, кайыкчы да жоголуп кетти.
Жалгыз калган мен эмне кыларымды билбей турдум. Эки жагымды карап, күңүрт өрөөн менен кеткен эки жолду көрдүм. Алардын бири кенен, тапталган жол экен. Экинчиси жалгыз аяк жол эле, эки жол эки башка багытта болчу. Мен кенен жолду тандадым. Бир аз басканда эле жол караңгы боло түштү. Анда-санда алыс жактан жарык көрүнүп, жолумду көрүп жаттым. Бир маалда мени бир жандык тосуп алды, аны сүрөттөөгө таптакыр мүмкүн эмес. Анын шумдуктай кебетесин болжолдуу эле айтып бере алам. Ал кандайдыр бир деңгээлде адамга окшош десек болот, бирок адамдан алда канча чоң. Бою үч метрдей, мен казып жаткан көмүрдөй капкара, артында чоң канаттары бар жана жыпжылаңач. Анын колунда найза бар эле, анын узундугу төрт метрдей. Анын көздөрү оттой жанып турган. Берметтей болгон тиштери бир жарым сантиметрдей. Мурунга окшогон мүчөсү чоң, жазы жана жалпак. Чачтары катуу, узун экен жана олбурлуу далысында жайылып жатат. Үнү арстандын үнүнө окшош десем болот. Мен аны жол жаркырай түшкөндө көрүп калып, коркуп-титиреп кеттим. Ал найзасын мени көздөй кезегендей болду. Анын күркүрөгөн коркунучтуу үнү азыр да кулагыма жаңырып турат. Ал мени коштоп жүрүүгө жиберилгенин айтып, артынан жүрүүмдү сунуш кылды. Мен анын артынан бара жаттым. Башка айлам жок болчу да. Бир канча аралыктан кийин, биз чоң тоонун этегине жеттик. Тоо экиге бөлүнгөндөй көрүндү. Анын бир бөлүгү таза экен. Тоонун боорунан БУЛ – ТОЗОК деген сөздү даана окудум. Мени коштоп бара жаткан жандык тоого жакындаганда, найзасы менен аны үч жолу урду, ошондо чоң, оор эшик ачылып, биз ичине кирдик. Мени ушул тоонун арасындагы жол менен алып өтүштү.
Биз коюу караңгылыкта бир канча убакыт бастык. Алдыдагы жандыктын кадамынын дабышы менен артынан ээрчип бара жаттым. Жол бою өлүп бара жаткан адамдын жан кейиткен онтоосуна окшогон үндөрдү гана угуп бара жаттым. Барган сайын суу сурап жалынган адамдардын үнү күчөп бара жатты. Дагы бир дарбазага жетип, ичине киргенде, миллиондогон адамдардын “Суу! Суу! Суу!” деген үндөрү алыстан угулуп жаңырып жаткандай болду. Жол башчым эшикти кагып, дагы бир эшик ачылып, тоодон өтүп, кенен бир өрөөнгө келип жеттик.
4-бөлүм
Жол башчы бул жерге башка жандарды алып келүү үчүн мени таштап кетип калды. Мен ал жерде кандайдыр бир деңгээлде биринчиге окшош жандык келгенче турдум. Ал менин тагдырым кандай чечилерин айтуу үчүн келиптир. Анын колунда найзанын ордуна чоң кылыч бар экен. Анын үнү үрөйүмдү учурду. “Сен тозоктосуң, эч кандай үмүт жок. Бул жакка келе жатып, тоолордон өтүп баратып суу сураган жандардын онтоосун, жалынуусун уктуң, алар ысыктан өрттөнүп баратышат. Ал жакта от көлгө баруучу эшик бар. Жакында сен да ошол жакка барасың. Бирок ошол азап чекчү укмуштуудай жерге барардан мурун ал азапка кабылбай, кандай сонун жерде боло алмактыгыңды көрүү үчүн ушул өрөөнгө келүүгө башкаларга берилгендей эле сага да мүмкүнчүлүк берилди. Ал жакка түшкөндөр эч качан чыга албайт".
Мен кайра жалгыз калдым. Катуу корккондуктанбы, билбейм, мен дал болуп калдым. Эч нерсе кыла албай турдум. Алым куруп, бутум шалдырайт. Уйкум келип, шайым кетип турду. Уйку-соонун ортосунда тургандай болдум, кээде көзүм илинип кеткендей да болот. Тээ бийикте Библияда сүрөттөлгөн керемет шаар туруптур. Анын дубалдары жаркырайт! Алыстан созулуп жаткан гүлгө оронгон өрөөндөрдү көрдүм, өмүр дарыясы жана күзгүдөй мелтиреген деңиз. Мукам ырларды ырдаган сансыз периштелер ошол шаарга кирип-чыгып жатышты! Алардын арасынан улгайып калган алтын апамды да көрдүм. Ал бир нече жыл мурун менин кылмыштарымдан улам жүрөгү кармап каза болгон эле. Ал мен жакты карап, мени чакыргандай болду, бирок мен ордуман жыла албай койдум. Мени бир оор таш басып калгандай сезим.
Айдарым жел татынакай гүлдөрдүн жыпар жытын алып келип, периштелердин жагымдуу үндөрүн даана уктум. “Мен булардын бири болмокмун да!” деп ойлодум.
Мен ушул көрүнүшкө суктанып турганымда, караңгы турагымдын ээси күтүүсүздөн бактылуу падышачылыктан кайтарып, анын артынан ээрчүүмдү буйруп, тагдырымды чеччү учур келгенин айтты. Мен ойгонуп кеттим. Артты көздөй ошол эле жол менен келе жатып, караңгы жерден кайра өттүм. Жол башчынын артынан ээрчип бара жатып, жолдун четиндеги эшикке жеттим. Биз дагы бир эшикке келгенде, от көлдү көрдүм.
5-бөлүм
Күйүп жаткан күкүрт көл көз алдымда чалкып жатты. Катуу бороон болуп жаткандагы деңиз толкуну сыяктуу от жалбырттап күйүп, чоң толкундар асманга көтөрүлүп, бири- бирине урунуп жатты. Адамдар толкунга бийик көтөрүлүп, дароо ошол коркунучтуу оттун түбүнө түшүп жатышты. Алар чучугуңа жеткидей чыңырып, суу сурашып, Кудайдын адилеттигине наалат айтып жатышты. Ушул эбегейсиз түпкүр өлгөн жандардын кыйкырыгына толуп, жаңырып турду. Мен бир нече мүнөт мурун кирген эшикке үңүлүп, “Бул сенин өлүмүң” деген коркунучтуу сөздөрдү окудум. Түбөлүк деген эч качан бүтпөйт. Өзүмдү жоготуп, от көлгө кулап бара жатканымды бир билем. Ушунчалык каным катып суусап, суу сурап көзүмдү ачып, түрмөнүн госпиталында жатканымды билдим.
6-бөлүм
Мен бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Түрмө башчылары мени жиндиканага жаткырып койот деп корктум. Мен мунун баарын көргөндүктөн, азыр аман жүргөнүмө кубанычтуумун. Бейиш менен тозокту, Библияда жазылгандай даана көргөнүмө кубанам.
Тозокко эч качан барбай турганым да анык. Госпиталдан көзүмдү ачарым менен тирүү экенимди, жерде экенимди түшүнүп, дароо жашоомду Кудайга арнап, машайакчы болуп жашап, машайакчы болуп өлөм деп чечтим. Коркунучтуу тозок менен ажайып бейиш эч качан эсимден кетпейт. Маалы келгенде, апама да жолугам. Ошол сонун дарыянын жээгинде отуруп, периштелер менен жыты аңкыган гүлдөргө оронгон өрөөндөрдө, талааларда, тоо этектеринде сейилдеп басам. Алардын кооздугун сүрөттөп берүү мүмкүн эмес, куткарылгандардын даңктоосун угам. Камалганга чейин кылып жүргөн денелик ырахаттардын көбүнөн баш тартууга туура келсе да, машайакчы жердеги жашоосунда жетпеген көп жыргалчылыктын бүт ордун толтурат. Кылмыш чөйрөсүндөгү көп досторум менен мамилемди үздүм, эркиндикке чыкканда, жакшы адамдарга кошулсам дейм”.
7-бөлүм
Биз окурманга бул күбөлөндүрүүнү анын оозунан кандай уксак, так ошол бойдон жеткирип жатабыз. Кудай бул сөздөргө батасын берип, көптөгөн жандардын ойгонуусуна колдонсун.
Жалбырттап күйүп турган тозок чын эле бар экенине элдер кантип шектенишет? Бизде Библия бар жана Ленокс айтып бергендей ачылыштар бар, алар тозок чын эле бар экенин үйрөтөт. Адамдар токтогула! Фактыларды карасаңар! Силердин жашооңор жазылып жатат. Кудай сизди куткаргысы келет, күнөөңүздү моюнга алсаңыз, ал сизди кечирет.
Куткарылуунун жалгыз жолу – Ыйса Машайактын канын күнөөңүздү жуучу курмандык катары кабыл алып, күнөөдөн арылуу. Кудайдан ушул кечиримди кабыл алсаңыз, Ал жүрөгүңүзгө тынчтык, бейкуттук тартуулайт. Сиз эркиндикке чыгасыз, бул дүйнөдө күнөөдөн кутуласыз. Андан сырткары, кырк сегиз саат эле эмес, түбөлүк тозокко түшүүнүн ордуна, бейиштеги жыргалчылыкка бөлөнөсүз.